|
Векселдик укук
|
|
ВЕКСЕЛДИК УКУК – 1) объективдүү мааниде – улуттук векселдик мыйзамдар тутумундагыдай эле эларалык актылар менен салттар тутумунда да болуучу, векселдерди түзүүдөн жана берүүдөн келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин жыйындысы; 2) субъективдүү мааниде – анын таанылган кармоочусу үчүн векселден келип чыгуучу талап кылуу укугу; 3) В. у-ту, анын келип чыгуу, калыптануу жана өнүгүү тарыхын, векселге жана векселдик милдеттенмелерге карата илимий көзкараштардын тутумун, биркатар өзгөчө маанилүү экономикалык категорияларды жана жоболорду окутуп-үйрөтүүчү окуу сабагы; 4) В. у. илими.
|